2025-2030-жылдарга Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар мерчеми түзулдү
14.07.2025
6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы жөнүндө” №ПЖ 137 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 1-августундагы 193-б буйругунун жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 4-октябрында №326 буйругунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан буйрук чыгып, иш-чаралар мерчеми түзүлгөн. Аталган иш-чаралар мерчемин тиешелүүлүгүнө жараша аткарууга алынган. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кандай иш-чаралар жана калкка тушүндүрүү иштери байма бай жүргүзүлүп келүүдө.