КОРРУПЦИЯНЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу максатында жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, коррупциянын терс кесепеттерин түшүндүрүү жана коомчулуктун бул багыттагы жоопкерчилигин күчөтүү болду.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын талаптары, жарандардын укук-милдеттери, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруунун жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле катышуучуларга пара берүү жана алуу кылмыш жоопкерчилигине алып келери эскертилди.
Иш-чарада жарандар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, коррупция фактыларына күбө болгон учурда кайсы органдарга кайрылуу керектиги түшүндүрүлдү. Айрыкча, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик маселелерине басым жасалды.