Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-февралындагы №15 сандуу буйругу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
27-январындагы № 29 Токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
27-январындагы “2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын
коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын
бекитүү жөнүндө” № 29 Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
2026-жылдын 9-февралындагы № 01-12/15 сандуу буйругуна жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 12-февралындагы №31 сандуу тескемесине ылайык Самаркандек айыл өкмөтү буйрук кылат:
1. 2026–2027-жылдарга Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу
боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге
ылайык бекитилсин.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери
– Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
– ар квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 1-күнүнөн
кечиктирбестен иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө
маалыматты Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жиберишсин;
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Ж.Полотовго жүктөлсүн.