Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүндө шашки боюнча мелдеш өткөрүлдү

03.06.2026
1

 

Самаркандек айыл өкмөтүндө 7-8-9 жаштагы өспүрүмдөр арасында шашки боюнча мелдеш уюштурулуп, ага жалпы 60 бала катышты. Мелдеш кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, жаш оюнчулар өздөрүнүн ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жана чеберчиликтерин көрсөтүштү.

📍 Иш-чаранын негизги максаты – келечек муундардын интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, логикалык ойлоо жөндөмүн арттыруу, акыл-эс дараметин чыңдоо жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.

Мелдештин жыйынтыгында жергиликтүү бийлик тарабынан жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкан балдарга дипломдор, баалуу белектер жана окуу куралдары тапшырылды. Мындан сырткары бардык катышуучуларга бекер балмуздак таратылды.

Иш-чарага Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек Полотов катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, алардын билим алуусуна ийгиликтерди, кең келечек жана жаркын жетишкендиктерди каалады.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду.