Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандекте селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери көзөмөлдөнүүдө

22.06.2026
2

 

Баткен районунун акими Данир Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Искендер Сулайманов Самаркандек айыл өкмөтүнө барып, селдин алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

 Иш сапардын алкагында Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Тайирбек Рахман уулу аймактагы учурдагы абал, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү, арык-каналдарды тазалоо жана сел коркунучун азайтуу боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калктын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Жетекчилер жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө аткарылышына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды беришти.