Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү.

05.12.2024, 15:31
13

АИВ Билим сенин коопсуздугуң,
Дарылануу сенин ден соолугуң урааны астында Самаркандек А/Ө караштуу Самаркандек ЖДТБ нун медицина кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, М.Салихов орто мектебинин окуучулары, АДК мүчөлөрү жана √34 кесиптик лицейнин окуучуларынын катышуусунда "Биз СПИДге каршыбыз" деген урааны астында жөө жүрүш болуп өттү. Самаркадек А/Ө имаратынын алдында чогулуп, иш чараны Самаркандек А/Ө башчысы К.Мергенов ачып берди. Бул ооруга каршы күрөшүү, калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп эсептелинет. Акцияга катышгандарга Самаркандек ЖДТБ нун УДТ 9 дарыгери Кадыров И АИВ жана ЖИКС жөнүндө маалымат берилди. Андан тышкары Жаңы-Бак айылында аялдар арасын волейбол оюну уюштурулуп өткөрүлдү.