150 000 сом социалдык контрак алган жарандар өз ишмердүүлүктөрүн башташты
25.07.2025, 14:11
4
Самаркандек айыл аймагында 150 000 сом өлчөмүндөгү социалдык контрактты алган жарандар өз алдынча ишкерлик ишмердүүлүктөрүн баштап, натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатышат. Бул колдоо үй-бүлөлүк кирешени көбөйтүү, жарандардын турмуш-шартын жакшыртуу жана айыл жергесинде ишкерликти өнүктүрүү максатында берилген.
Соцконтракттын алкагында тигүүчүлүк, дыйканчылык, мал чарбачылык жана чакан соода багытында иш баштагандар бар. Алынган каражат максаттуу пайдаланылып, жарандар өз ара кесиптик өнүгүүгө да басым жасашууда.
Айыл өкмөтү тарабынан бул жарандарга мындан ары да кошумча колдоо көрсөтүлүп, мониторинг жүргүзүлөт. Социалдык контракттын натыйжалуулугу – жергиликтүү тургундардын экономикалык жактан активдешүүсүнө өбөлгө түзүүдө.