20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жаңыдан түптөлүп жаткан сейил бакка 12 даана отургуч белекке беришти
15.05.2026, 13:57
4
Самаркандек айыл өкмөтүнө М.Салихов атындагы орто мектебинин 1988-жылы туулган, быйыл 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жаңыдан түптөлүп жаткан сейил бакка 12 даана отургуч белекке беришти.
Демөөрчү жаштар аймактын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп, туулуп-өскөн жерине болгон сүйүүсүн жана мекенчилдигин иш жүзүндө далилдешти. Алардын бул демилгеси жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң колдоо болуп, жаш муундарга да үлгү боло алды.
Бул саамалык Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Кыргыз жараны” концепциясынын алкагында ишке ашып, ар бир жарандын өз мекенинин өнүгүшүнө салым кошуусу маанилүү экенин дагы бир жолу айгинеледи.
Мындай жакшы иштер Самаркандек айылынын көркүн арттырып, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.