Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

23.09.2025, 10:45
34

Урматтуу мекендештер! 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген тарыхый күндөн тартып, быйыл 36 жыл толуп отурат. Бул дата — улуттук мурасыбызды сактоодо, эне тилибизди өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз тили — биздин рухий дөөлөтүбүз, элдин жүзү, биримдиктин жана бүтүндүктүн белгиси. Мамлекеттик тилди урматтоо ар бир жарандын ыйык парзы. Ар бирибиз тилге болгон мамилебиз аркылуу мамлекетке болгон урматыбызды билдиребиз. Тил майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ар дайым эне тилибизге болгон сүйүүбүз күчөп, ар бир кыргыз жараны аны сыймык менен сүйлөп, жаш муундарга өткөрүп берет деген ишеничтебиз!