Айыл аймагындагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүлдү
30.01.2026, 16:39
3
Айыл аймагындагы турмуш шарты оор болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүлдү. Тактап айтканда, социалдык жактан муктаж деп табылган 11 үй-бүлөгө ар бирине 5 каптан көмүр акысыз берилди.
Бул жардам кыш мезгилинде калкты колдоо жана социалдык аялуу катмарга кам көрүү максатында уюштурулду. Айыл өкмөт мындан ары да турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө мүмкүнчүлүккө жараша колдоо көрсөтүү иштери уланта берет.