Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Ак-Татыр каналы ашар жолу менен толук тазаланып бүттү

24.04.2026, 09:00
1

Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүн суу менен камсыз кылган негизги каналдардын бири болгон Ак-Татыр каналы ашар жолу менен тазаланып, анын 5 чакырым аралыгы ийгиликтүү бүткөрүлдү.Аймактагы 350гө жакын тургун ашарга катышып, жапа тырмак иш алып барышты. Ашардын жүрүшүндө канал толук тазаланып, ирригациялык система жакшыртылды.Иш-чаранын катышуучулары жергиликтүү бийлик тарабынан түшкү тамак менен камсыз кылынды.Мындай иш-чаралар ирригациялык системаларды жакшыртуу менен катар, айыл тургундарынын ынтымагын, биримдигин бекемдейт.