Аткезчиликке каршы күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү
Самаркандек айыл өкмөтүндө аткезчиликке каршы күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар каралып, бул багыттагы иштерди күчөтүү маселеси талкууланды. Ошондой эле айыл аймагында мал жандыктарын сатуу, соода-сатык иштери менен алектенген ишкерлерге жана жарандарга мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Катышуучулар коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзамдуулукту сактоо жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү тургундардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында аткезчиликтин жана коррупциянын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу боюнча тиешелүү сунуштар айтылды.