Ички арыктарды жана айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
10.03.2026, 13:35
13
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында ички арыктарды жана айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер аймактагы санитардык абалды жакшыртуу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана суунун тоскоолдуксуз агышын камсыз кылуу максатында уюштурулууда.
Тазалоо иштеринин жүрүшүндө арыктардагы таштандылар жана ар кандай тоскоолдуктар тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаралар айыл аймагында тазалыкты сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана жашоочулар үчүн таза жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган. Самаркандек айыл өкмөтү бул багыттагы иштерди мындан ары да уланта берет.