“Кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттары жана бүгүнкү күндүн жаштары” темасында тегерек стол өттү
2025-жылдын 31-июль күнү Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында Самаркандек айыл өкмөтүнүн жана Самаркандек АМБ колдоосу менен бир нече маанилүү темаларды камтыган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышышты.
Талкууланган негизги темалар:
1. Кыргыз элинин үрп-адат, каада–салттарын сактоо, муундан-муунга өткөрүү жана ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу.
2. Санариптештирүү шарттарында коррупцияга каршы туруу: келечеги жана тобокелчилиги.
3. Санариптештирүү жана жасалма интеллекттин турмуштагы зарылчылыгы.
4. Жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, эрте никеге туруу, аткезчилик маселелери.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, көйгөйлөрдү чечүү жолдору сунушталды. Акырында активдүү катышкан жарандарга баалуу белектер тапшырылып, кофе-брейк уюштурулду.
Уюштуруучулар мындай иш-чаралар коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилеп, келечекте дагы уланарын билдирди.