Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жургүзүлүүд

04.02.2026, 17:04
17

       Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман уулу Тайирбек Самаркандек айылынын МТФ участкасынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга айылдын аксакалдары, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты. Жолугушууда  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, мыйзамсыз жер тилкелерин ээлөөнүн кесепеттери, жаза чаралары жана мыйзамдуу жол менен жер алуу тартиби тууралуу жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча адистери  тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

    Андан тышкары жолугушууда айылдагы социалдык-экономикалык абал, инфраструктуралык маселелер, жол, таза суу, сугат суу жана башка күнүмдүк көйгөйлөр талкууланды.

Айыл өкмөтүнүн башчысы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп берди.