Кытайлык инвесторлор Кулан участкасына күн панели орнотуу долбоору боюнча жеринен таанышты.
29.07.2025, 15:22
5
Бүгүн, 2025-жылдын 29-июль күнү Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын Кулан участкасында күн панелин орнотуу максатында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Темирбаева Миргул Омурзаковнанын жардамчысы
Тажибаев Чыңгыз Эшназарович жана Кытайдан атайын келген инвесторлор жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында алар күн нурунун түшүүсү, жер кыртышы жана инфраструктура мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгышты. Бул долбоор ишке ашса, аймактагы энергетикалык муктаждыктар чечилип , жашоочулар үчүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга чоң өбөлгө түзөт.
Айыл өкмөтү мындай инвестициялык аракеттерди колдоого алып, бардык шарттарды түзүүгө даяр.