Мектептерде жана бала бакчаларда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде жана бала бакчаларда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү. Тиешелүү адистер жана жооптуу кызматкерлер тарабынан өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышы текшерилип, мугалимдер жана кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
- Өрт өчүргүч шаймандардын абалы жана жетиштүүлүгү каралды;
- Электр жабдууларынын коопсуздугу текшерилди;
- Эвакуациялык пландар жана чыгуучу жолдор текшерилип, көрсөтмөлөр берилди;
- өрт чыккан учурда кандай аракет көрүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу — ар бир мекеменин жана жарандын милдети экендиги белгиленип, мындай алдын алуу иштери мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү маалымдалды.