Сай жээгинде жайгашкан сел аранын коргоо зонасын калыбына келтирүү
05.02.2026, 16:24
1
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаны-Бак айылынын Тескей участкасындагы сай жээгинде жайгашкан сел аранын коргоо зонасын мыйзамсыз ээлеп алган жарандар боюнча айыл тургундарынан арыз түшкөн.
Арыздын негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы жеринен кабар алып, абалды өз көзү менен көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө селдин нугун тарыткан жана коопсуздук талаптарына жооп бербеген тосмолор аныкталган.
Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү тургундарга мыйзам талаптарын түшүндүрүп, селдин нугун түздөө жана табигый кырсыктардын алдын алуу максатында мыйзамсыз коюлган тосмолор жакынкы күндөрү алынарын белгилеп өттү.
Бул иштер айыл тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана сел коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.