Самаркандек айыл аймагында 6 эне "Баатыр эне" орденин жана 18 эне “Эне даңкы” медалын алышты
30.07.2025, 15:47
6
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан 6 эне "Баатыр эне" орденине, ал эми 18 эне "Эне даңкы" медалына ээ болушту.
Бул сыйлыктар энелердин өлкөбүздүн келечеги болгон балдарды тарбиялоодогу зор салымын, чыдамкайлыгын жана эненин баалуулугун таанып-билүүгө арналган.
Сыйлык тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.