Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл аймагында калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында ички арыктарды тазалоо жана иретке келтирүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

23.02.2026, 12:55
2

Самаркандек айыл аймагында калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында ички арыктарды тазалоо жана иретке келтирүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Жазгы жана жайкы сугат мезгилине карата даярдыктын алкагында ички арыктар калыбына келтирилип, суу өтүүчү жолдор кеңейтилүүдө. Атайын техникалар тартылып, арыктардын жээктери бекемделип, тоскоолдуктар алынууда.

Бул иштердин негизги максаты — дыйкандарды жана тургундарды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу, айдоо жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана айыл чарба тармагын колдоо болуп саналат.