Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл аймагында калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланууда

24.06.2026, 09:10
1

2026-жылдын 22-июнундагы катуу жааган жаандын кесепетинен келип чыккан селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү жана тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Баткен районунун акиминин тапшырмасына ылайык, Самаркандек айыл аймагындагы муниципалдык базардын айланасы, ички көчөлөр, сайлар аркылуу өткөн унаа жолдору жана жээктер атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, калыбына келтирилип жатат.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман уулу Тайирбектин жетекчилиги астында тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин толук жоюу боюнча иштер уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Айрыкча Падстанция жана Жайылма участокторунда жолдорду оңдоо, аймактарды тазалоо жана калк үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында айыл тургундарынын күнүмдүк жашоосуна олуттуу тоскоолдуктар жаралган жок. Калыбына келтирүү иштери бекитилген планга ылайык улантылып, абал тиешелүү кызматтардын жана район жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө турат.