Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл аймагында Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын болуп өттү.

10.02.2026, 13:18
4

Самаркандек айыл аймагында Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага айыл аймагынын тургундары, тиешелүү адистер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, гендердик теңчиликти камсыз кылуу, социалдык жактан колдоого муктаж жарандарга көмөк көрсөтүү жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча маалыматтар берилди.

Катышуучулар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, көйгөйлөрдү жеринде чечүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.