Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине конкурс жарыялайт.

20.01.2025, 15:35
11

Самаркандек айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине 

Башкы топтогу административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

     Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой элек тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

адам ресурстарын башкаруу жаатында;

кызматтык  милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий 

тилдери;

-билгичтиги:

     иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо,болжолдоо,жалпылоо,мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

      коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

      өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;

      ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү;

      чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

-көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

      түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү,мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү,башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо,кабыл алуу жана ишке ашыруу,иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

      маалыматты талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;

     ченемдик укутук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

      натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү,иштиктүү этикеттин,кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү,мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

     компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

2.Улук топтогу админитсративдук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар:

1) кесиптик деңгээли:

-тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой элек тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык  милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий 

тилдери;

-билгичтиги:

  маалыматты жыйноо,талдоо.ситемалаштыруу жана жалпылоо;

   аналитикалык документтерди даярдоо;

 тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

 кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

-көндүмдөрү:

  ченемдик уккутук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

 ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

 башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

 компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

3.Кенже топтогу административдик мамлекеттик жана муництпалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар:

1) кесиптик деңгээли:

- мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн –тиешелүү багыттагы жогорку билим;

    - муниципалдык кызматчылар үчүн-тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

     -иш стажына талаптарды койбостон;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой элек тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык  милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий 

тилдери;

-билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

   документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

 тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

  кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

  жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

  мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүу кат алышуу;

  команда мене иштөө;

-көндүмдөрү:

  ченемдик уккутук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

 компьютердик жана уюштуруу техникасын,зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

Керектелүүчү документтер:Диплом,эмгек китепчесиниин көчүрмөсү,(нотариустан тастыкталган),паспорттун көчүрмөсү,3х4 сүрөт (4 даана),өздүк карточка,конкурска катышуу үчүн комиссиянын төрагасына арыз,

Талап кылынган документтерди гезитке жарыя чыккан күндөн тартып 10 күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшырсаңыздар болотБайланыш үчүн  0777 24 29 23 (03622) 54145.Самаркандек айыл өкмөтү Самаркандек айылы И. Раззаков көчөсү №8.