Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан видео байкоо камерасы милиция бөлүмчөсүнө берилди
22.07.2025, 10:38
3
Элдин коопсуздугун камсыздоо, мал уурулуктарын жана башка кылмыш иштерин алдын алуу максатында Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган иш-чаралар улантылууда.
Атап айтканда, 2025-жылдын июль айында Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнө үч даана видео байкоо камерасы тапшырылды. Бул камера коомдук жайларды жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөөгө багытталып, кылмыштардын алдын алуу иштеринде чоң жардам берет.
Айыл өкмөтүнүн демилгеси жергиликтүү калктын коопсуздугун жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат. Милиция бөлүмү тарабынан бул техника ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда активдүү колдонулат.