Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүндө 8-март майрамына арналган иш-чара өттү

07.03.2026, 12:50
1

       7-март күнү Самаркандек айыл өкмөтүндө 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулуп, айымдарга арналган концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага айылдын тургундары, ардактуу энелер, мекеме-ишканаларда эмгектенген айымдар катышты. Майрамдык кечеде аялзатынын коомдогу орду, алардын эмгеги жана үй-бүлөдөгү баа жеткис ролу белгиленип, жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Концерттик программада маданият кызматкерлери жана жергиликтүү таланттар тарабынан ыр-бийлер аткарылып, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл өкмөттүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар айымдар “Ардак Грамоталар” менен сыйланышты.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн атынан бардык айымдарды 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик каалады.