Самаркандек айыл өкмөтүндө 9-май — Улуу Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди.
Иш-чарага Баткен райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жумагүл Сатыбалдиева баштаган жетекчилер, Баткен чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары — штаб башчысы, полковник Улукбек Жоробаев, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, Ооган согушунун ардагерлери, Баткен районунун аймагындагы айыл өкмөт башчылары жана айыл тургундары катышты.
Айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканалар парадга чыгышып, Самаркандек айыл өкмөтүнөн 1941-жылы Мекен үчүн согушка аттанган аталардын эмгеги эскерилип, Белгисиз жоокердин эстелигине гүл чамбар коюлду.
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы эл-жерге тынчтык тилеп, Мекенибиз үчүн жан берген аталардын эрдиги ар дайым жүрөгүбүздө сакталып, жогору бааланарын баса белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө Мекенди даңазалаган патриоттук ырлар жаңырып, Жеңиштин 81 жылдыгы көтөрүңкү маанайда белгиленди.