Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүндө коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрүлдү.

25.05.2026, 16:00
4

Самаркандек айыл өкмөтүндө коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага 40ка чукул адам катышып, паракорчулуктун алдын алуу, анын кесепеттери жана аны болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкын иш алып баруу жана коомчулук менен тыгыз кызматташуу боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүргүзүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, түшүндүрүү иштерин мындан ары да улантуу жана жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.