Самаркандек айыл өкмөтүндөгү жаңылыктар.
Бүгүн 2025-жылдын 21-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы С.Сатыбалдыев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, Самаркандек айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Самаркандек АМБнүн кызматкерлери жана Самаркандек айылынын тургундары жолугушту.
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Ж.Полотов мекеме ишканаларынын тиешелүү адистери менен тааныштырып, сөздү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковко берди.
- Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана алдын алуу боюнча жергиликтүү калкка маалымат жеткирүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү жетекчилер менен бирге жумушчу топтун курамы сиздерге маалымат жеткирип, көйгөйлөрүнүздөрдү чечүү үчүн атайын келишкенин баса белгилеп айтты.
Андан кийинки сөздү Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы С.Сатыбалдыев улап төмөнкү маселер боюнча жашоочуларга кеңири түшүндүрүп берди:
- – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 1200 сомду түзөт. Ал эми, бийик тоолу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет. “Үй-бүлөгө көмөк” дайындоодо жарандардын төмөндө белгиленген кирешелери эске алынат:
- - айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
- - ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
- - жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн
- кирешелер жана башкалар.
- “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасынын тактап айтканда муздаткычтардын, телевизорлордун, кир жуугуч машиналардын жана башкалардын болушу эсепке алынбайт.
- Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө иштеген абалда кийинкилер бар болсо:
- - завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
- - айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
- - жүк ташуучу автомобиль жана микроавтобустар.
- Ошондой эле, үй-бүлөдө майда мал жандыктардын саны үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө 4төн ашык болгон учурда дагы дайындалбайт.
- Миграцияда жүргөн, жылы 20 жылдан ашбаган авто унаасы, оор жүкташуучу техникасы бар үй-бүлөлөргө берилбей тургандыгын айтты. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
- - пенсиянын бардык түрлөрү;
- - мамлекеттик жөлөкпулдар;
- - сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
- - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
- - стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
- «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар аймактык башкармалыктарына кайрылса боло тургандыгын айтты.
- Жыйын суроо-жооп менен коштолду.
- Берилген суроолор негизинен «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо туурасында берилди. Баардык суроолор жоопсуз калган жок. Кээ жарандардын маселелерин жеке кароо максатында жазып алышты.