Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз жер ээлөөгө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

18.09.2025, 16:42
6

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз жер тилкелерин ээлөөнүн кесепеттери, жаза чаралары жана мыйзамдуу жол менен жер алуу тартиби тууралуу маалымат берилди. Жарандар активдүү катышып, суроолоруна жооп алышты.