Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдык иштери кызуу жүрүүдө

25.02.2026, 12:40
2

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Аймактагы дыйкандардын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз болушун шарт түзүү максатында ички арыктарды казуу, тазалоо, иретке келтирүү жана жаңыдан арыктарды казуу  иштери жүргүзүлүп жатат.

Аталган иш-чаралар айыл чарба тармагын колдоо, жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сугат системасын жакшыртуу багытында уюштурулууда. Учурда атайын техника тартылып, көп жылдан бери тазаланбай келген арык-каналдар калыбына келтирилип, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө.