Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орто-Сай айылы менен бириктирген сел арадан өткөн ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

13.08.2025, 17:24
2

Селден улам бузулган жолду убактылуу калыбына келтирүү максатында айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом, ошондой эле Баткен райондук администрациясы тарабынан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп, атайын техникалардын жардамы менен таш төгүлүп, тегиздөө иштери аткарылды.

Учурда аталган жол менен каттам калыбына келип, унаа жүрүшү жанданды.

Бул жолду толук кандуу бетон менен бекемдөө максатында айыл өкмөтү тарабынан Проектик-сметалык документтерди (ПСД) даярдоого тендер жарыяланган. Бирок алгачкы эки жолу жарыяланган тендерге катышуучулар болбогонуна байланыштуу, үчүнчү жолу кайрадан жарыяланды.

Айыл өкмөтү бул маселени чечүү багытында аракеттерди улантууда.