Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы өз алдынча мыйзамсыз курулган курулуштар бузулууда

21.08.2025, 15:52
2

«Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги «Жерлерди өз алдынча мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу жана токтотуу чаралары жөнүндө» №109 Жарлыгына ылайык жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер мунапысы кабыл алынгандан кийин курулуп калган объектилер боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамсыз курулган объектилерди мыйзамдаштыруу, зарыл учурда бузуу жана ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-аракеттер улантылууда.