Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болуп өттү

25.02.2026, 13:29
2

Самаркандек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ж.Сатыбалдиева, КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн адиси,  Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү, коммитеттин мүчөлөрү жана тиешелүү адистер катышып, күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, гендердик теңчиликти камсыз кылуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ж.Сатыбалдиева өз сөзүндө бул багыттагы иштерди күчөтүү, мекемелер аралык кызматташууну жакшыртуу жана ар бир кайрылууга өз убагында көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алдыдагы иштердин планы такталды. Мындай жолугушуулар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлүп турары айтылды.