Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек айылындагы ички чарбалык жол убактылуу калыбына келтирилди

27.07.2025, 10:11
4

       Самаркандек айыл аймагындагы Орто-Сай 1 сел өтүүчү сайдан өткөн ички чарбалык жол 2025-жылдын июль айында болгон нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел суусуна чыгып, жараксыз абалга келген.

Жолдун бузулушу айыл тургундарынын жүрүп өтүүсүнө жана чарбалык иштерине олуттуу тоскоолдуктарды жараткан. Абалды эске алып, Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан тез арада убактылуу калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, калктын коопсуз жүрүүсү камсыздалды.

Убактылуу оңдоо иштерине атайын техника тартылып, жол сайдан өтүүгө мүмкүн болгон абалга келтирилди. Алдыда аталган жолду толук реконструкциялоо маселеси да каралууда.