Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Самаркандек муниципалдык базарынын кийим сатуучу бөлүгү жаңыланат

20.04.2026, 10:23
7

Самаркандек айыл өкмөтүндөгү жалгыз базардын кийим сатуучу бөлүгүн жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин соодагерлер үчүн шарттар жакшы эмес болуп, айрыкча жаан-чачын мезгилинде кыйынчылыктар жаралып келген. Ушул себептен улам базарды жаңылоо иштери башталды.

Жаңылоо иштеринин алкагында 80 метр аралыктагы бөлүк толугу менен оңдолуп, 50гө жакын ишкерге заман талабына ылайык шарттар түзүлөт.

Жакынкы күндөрү иштер толук аяктап, сүрөт материалдар кошумча дагы жарыяланат.