Электрондук дарек
samar.ken@mail.ru
Телефон
03622 5 41 83

Суунун башы калыбына келтирилди

28.07.2025, 10:58
4

Самаркандек айыл аймагына келүүчү суунун башы акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жаандан улам суу көбөйүп, сел суулары агым багытын бузуп кеткен.

Бул кырдаал дыйканчылык жана бак дарактарды  сугаруу иштерине тоскоолдуктарды жаратканына байланыштуу, Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан ыкчам түрдө суунун башын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Тиешелүү техника тартылып, суунун айылга жетүүсү камсыздалды. Бул иштер айыл тургундарынын таза суу жана ирригациялык муктаждыктарын үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түздү.

Айыл өкмөтү табигый кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу жана суу ресурстарын туруктуу колдонуу боюнча иш алып барууну улантат.