Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өткөрүлдү
2025-жылдын 31-июль күнү Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү максатында жөө жүрүш уюштурулду. Иш-чарага аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар кеңешинин мүчөлөрү, медицина кызматкерлери, Самаркандек АМБнүн кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.
Жөө жүрүш "Зомбулукка жол жок!", "Үн кат – унчукпай калба!" "Энелер тынчтыкты каалайт!", "Үй-бүлө тынч, заман тынч!" деген ураандар менен коштолуп, коомчулукка зордук-зомбулуктун кесепеттери тууралуу маалымат берүү максатын көздөдү.
Катышуучулар атайын плакаттар жана баракчалар менен жүрүш жүргүзүп, калк арасында маалымдуулукту жогорулатышты. Иш-чаранын соңунда чакан түшүндүрмө жыйын өтүп, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.
Айыл өкмөтү мындай акциялар коомдук аң-сезимди өзгөртүүгө жана зордук-зомбулуктун алдын алууга түрткү берерин белгиледи.