Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы жашоочуларына мыйзамсыз жер ээлөөгө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
26.01.2026, 09:36
6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз жер тилкелерин ээлөөнүн кесепеттери, жаза чаралары жана мыйзамдуу жол менен жер алуу тартиби тууралуу маалымат берилди.